• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

13-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Эртең, 13-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34 градус, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы ​түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33 градуска чейин көтөрүлөт.

13-июлда Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 31…33 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий