• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

13-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Эртең, 13-мартта түнкүсүн жана түшкө чейин Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15, Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11, Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 13-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 1...3, күндүз 13...15 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий