• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

16-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Эртең, 16-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт., - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14 градус, күндүз 25…27 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий