• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте жарым марафон өтөт. Иш-чарага байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Спорт 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Жекшемби, 17-сентябрда Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 5 миң адамдын катышуусу менен "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Жарыштын алкагында 1 чакырым, 5 чакырым, 14 чакырым, 21.1 чакырым аралыктар, ошондой эле 3 жаштан 9 жашка чейинки балдар үчүн жарышы каралган.

Иш-чарага байланыштуу жарыштын маршруту өтө турган көчөлөр жабылат.

17-сентябрда саат 06:00дөн 10:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелери жабылат:

- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
- Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Белгилей кетсек, баштапкы төгүмдөрдүн каражаттарынын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Бишкек мэриясы жарандардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий