• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

17-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек. 16.09.19. /Кабар/. Эртең, 17-сентябрда Кыргызстандын айрым райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус, күндүз 24…26 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий