• 88.68
  • 95
  • 0.95

17нен 20-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 17нен 20-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 17-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашыкүтүлөт, Ош, Баткен облустарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облутарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 20-октябрда күндүз жана 21-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

Пикир

Оставить комментарий