• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2021-жылы 4 миңден ашык медик ЖОЖду бүтүргөн

Билим 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. 2021-жылы ЖОЖдорду медициналык адистик боюнча 4 миңден ашуун студент аяктады. Бул тууралуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен гранттык негизде 450 студент, ал эми контраттык негизде 3 миң 794 студент бүтүргөн.

“Биздин окуу жайларды бүтүргөн студенттер өз өлкөлөрүндө дипломдорун тастыктай алган эмес. Бул биздин окуу жайлардан алган билимдин сапаты тууралуу айтып турат”, - деди Нурипа Муканова.

Башкы катчы Кыргызстан Пакистанда медицина тармагындагы билим деңгээли начар өлкө катары кара тизмеге киргенин эске салды.

Муканова билдиргендей, Кыргызстанда медициналык факультеттери бар болуп туруп, мугалимдери англис тилин билбеген ЖОЖдор бар. “Мисалга, Жалал-Абад мамлекеттик университетин айтсак болот”, - деди ал.

“Англис тилин билбей туруп, кантип чет өлкөлүк студенттерди окутууга болот”, - деп таң калды башкы катчы.

Пикир

Оставить комментарий