• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

22-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Эртең, 22-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -1…-6 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11 градуска чейин суук болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -8...-10 градус, күндүз 1...3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий