• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Үч энергокомпаниянын акциялары Улуттук энергохолдингдин карамагына өттү

Коом 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын бөрагасы Талайбек Байгазиев "Нарынгидроэнергострой", "Нарынспецгидроэнергомонтаж", "Найман ГЭС" ачык акционердик коомдорунун жетекчилери менен жолугушту.

Башкармалыктан билдиргендей, аталган компаниялардын акцияларынын бир бөлүгү КР министрлер кабинетинин чечими менен Улуттук энергохолдингке өткөрүлүп берилген. Аталган энергетика компанияларынын активдери мурда Мамлекеттик мүлк фондуна таандык болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнөр жай курулуштарын куруу, өндүрүштү стимулдаштыруу, энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери жана 2023-2024 – жылдарга карата иш-чаралар планы талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар маселелер каралып, акционердик коомдорду өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий