• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Северный" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак - Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий