• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

30-31-август жана 1-3-сентябрга карата күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. 30-августта жана 31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

31-августта күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

2-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 3-сентябрда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий