• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

40 медкызматкер иштейт. Бишкекте өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 жаңы колл-борбору ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 жаңы колл-борбору №2 орто мектебинин базасында ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, колл-борбордо күнү-түнү 40 медкызматкер-оператор иштейт.

“Башка имаратка көчүү колл-борбордун байланыш операторлорунун көбөйүшүнө байланыштуу болду. Бул жерде күнү-түнү 40 медкызматкер-оператор нөөмөттө турат. Колл-борбордун операторлору – дарыгерлер, клиникалык ординаторлор, ыктыярдуу-дарыгерлер болууда. Кеңеш берүүчү операторлор дароо Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча диагнозго жараша кеңири нускама-окуудан өтүп жатат”, - дейт ал.

Суракматов кошумчалагандай, Бишкекте экономикалык ишмердүүлүктү кайра жандандыруу шартында ооруну жугузуп алган жана байланышта болгон жактар көп катталууда.

“Өзгөчө өз алдынча кайрылуу учурлары көбөйдү, тез жардам кызматы шаар тургундарынын кайрылууларын кабыл алууга жетишпей, стационарларда койко-орундуктар жетишпей жатат. Мунун баары пандемиянын күчөшү, пневмония жана курч респиратордук инфекция менен ооругандардын санынын өсүшү менен байланыштуу”, - деп белгиледи мэр.

Пикир

Оставить комментарий