Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. 5-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Баткен облустарына, Ош шаарына жумушчу сапары менен барды.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы С.Токторов атындагы мектептин жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык округундагы суу менен камсыздоо тутумунун ачылышына катышты. Ошондой эле Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы бала бакчанын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, «Котормо-Ак-Булак-Кыргыз-Ата» унаа жолунун салынып бүткөн тилкесин көрүп чыкты.
Мындан тышкары Ош шаарындагы «Ак-Ниет» сейил багынын жана Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн ачылышына катышты.
Пикир
Оставить комментарий