• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн экзаменден 4 адам өттү

Коом 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 8 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 8 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 4 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Пикир

Оставить комментарий