• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

АФК Кубогу: "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Хужандка" утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычындагы экинчи оюнунда тажикстандык "Хужандка" утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Тажикстандын Хужанд шаарындагы Көз карандысыздыктын 20-жылы стадионунда болуп өткөн оюн 3:1 эсеби менен жыйынтыкталган.

Учурда, биринчи оюнунда түркмөнстандык "Алтын Асыр" менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыккан "Дордой" клубунда 1 упай бар.

Ал эми, "Дордойду" жеңген "Хужанд" 3 упайга ээ болду. Бул команда биринчи беттешинде жеңилип, упай ала алган эмес.

Эми, "Дордой" 1-майда боло турган кийинки беттешинде тажикстандык "Истиклол" клубу менен ойнойт.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу – Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган клубдук турнир.

Пикир

Оставить комментарий