• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдаркен сымап комбинаты кайрадан ишке кирип, 200 адам жумуш менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Айдаркен сымап комбинаты кайрадан ишке кирип, 200 адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, Айдаркен сымап комбинаты, 10 жылдап шахтасын суу каптап калгандыктан иштебей турган. 2017-жылдын июлунда комбинаттын жетекчилиги атамекендик “Северстайл” компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан.

“Натыйжада алты айга жетпеген убакта 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, сырье өндүрүүгө толук шарт түзүлдү. Жетекчилиги белгилегендей, 10 күндүн ичинде кен казуу жумуштары башталат, жумушчулардын саны көбөйөт. Учурда шахтадан тартылып алынган суу, жакынкы айылдарга сугат суу үчүн пайдаланууга берилүүдө. Жумушчулардын саны 15 күндүн ичинде эки эсеге көбөйөт, 400 кишини жумуш орун менен камсыздайбыз”,- дейт аталган комбинаттын директору Толубай Салиев.

Аталган комбинатка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев иш сапары менен барды.

Учурда сымап өндүрүү үчүн,суу каптап калган шахтанын суусун тынымсыз сордуруп турууга толук шарттар түзүлгөн. Ошондой эле эскилиги жеткен тетиктерди алмаштыруу жумуштары аяктап, фабрика жумушка даяр.

Өкүл Абиш Халмурзаев, чоң көлөмдөгү чыгымдарга чыдап, тынымсыз изденүүнүн натыйжасында инвестор таап, жоюлуп кетүү коркунучунда турган ишкананын ишин жандандырган комбинат жетекчилигинин ишин баалады. “Бул комбинаттан Айдаркен шаарынын калкынын үмүтү чоң. Комбинат канчалык узак убакытка иштебей турса анын жоюлуп кетүү коркунучу жогорулайт. Ошондуктан аймакта сымап өндүрүлүп, элге жумуш орун түзүлүп, бюджетке салык түшкөнү биз үчүн маанилүү”,- дейт өкмөттүн өкүлү.

Белгилей кетсек, аймакта дагы 40 жылга жетчү сымаптын запасы бар. Ошондуктан комбинаттын иштеп кетүүсүнө, өзгөчө анын жумушчулары кызыкдар.

Учурда сымапка Кытай, Түркия, Россия, Бразилия мамлекеттеринен суроо талап бар.

Пикир

Оставить комментарий