• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү: Талас районунда темир бетон шаймандарды чыгарган завод ачылды

Аймак 0

Талас, 22.07.19. /Кабар/. Талас облусунун Талас районунда темир бетон шаймандарды чыгарган завод ачылды.

Наркы 1 млн. доллар болгон заводду Эсен Казакбаев жетектеген "Алтын казык строй" жеке компаниясы ачкан.

Ишкердин айтымында, буга чейин облус темир бетон шаймандарды борбордон же Казакстандан ташып келчү.

"Ички суроо-талапты камсыздоо үчүн завод куруу чечими кабыл алынган. Учурда жабдыктарды сынап жатабыз. Алар Россия менен Түркиядан келген. Бул жерде карагай, арык, плита ж.б. чыгарууну көздөп жатабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, заводдо 30га жакын киши эмгектенет. Бирок, алдыда дагы ошончо кишини жумушка алуу пландалууда.

"Заводдун өндүрүмү арткандан кийин жумушчу орундарды көбөйтөбүз. Учурда күнүнө 1 миң 500 тоннага чейин таш иштетип жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий