• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 10.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын спортчусу Айпери Медет кызы Олимпиадага жолдомо бере турган Азия квалификациялык мелдеште төрт атаандашын жеңип алды.

Мелдеш 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Кыргызстандык балбан 76 кг салмакта кореялык, өзбекстандык, индиялык, монголиялык спортчуларды ири эсепте жеңип, Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий