• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен жерлерине пост коюлду — Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кечээ, 17-майда Ак-Сай (Кыргызстан) жана Ворух (Тажикстан) айылдарынын чек арасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки облустун жетекчилери ортосунда жетишилген келишимдин ишке ашышы талкууланды.

“18-майда Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен жерлерине эки тараптан тең посттор коюлду. Саат 07:25тен тарта Ходжаи-Аъло – Ворух жана Ак-Сай – Тамдык жолунда унаалар жүрө баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий