• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

АКШда Marvel комиксинин алгачкы басылмасы 1,26 миллион долларга сатылды

Дүйнө 0


Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Америкалык Marvel компаниясынын алгачкы комикс басылмасы аукциондо рекорддук 1,26 миллион долларга сатылганын Reuters агенттиги билдирет.

Marvel компаниясынын 1939-жылы чыккан комикси Техас штатынын Heritage Auctions аукцион үйүндө сатылды. Комикс 1,26 миллионго сатылып, аталган компаниянын рекордун жаңыртты.

Буга чейинки рекорд 1962-жылы жарык көргөн комикске таандык. Жөргөмүш адам (Spider-Man) туурасында баяндалган журнал 2011-жылы 1,1 миллион долларга сатылган.

Пикир

Оставить комментарий