• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Аксыдагы селде каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий