• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акция: Акча каражатын күрөөгө коюу менен каалаган мөөнөткө 0,5%га чейин банктык кепилдиктер

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. «Бакай Банк» ишкерлер жана уюмдарга банктык кепилдиктер үчүн акция жарыялайт: акча каражатын каалаган мөөнөткө 0,5%га чейин жана кыймылсыз мүлктү 2%га чейин күрөөгө койсо болот.

Банктык кепилдиктер боюнча рынокто эң кирешелүү сунуштардын бирин «Бакай Банк» берүүдө. Кепилдиктерди каалаган мөөнөткө жана каалаган валютада өзгөчө шарттар менен алса болот:

Акча каражаттарын күрөөгө коюу үчүн комиссия 0,5%га чейин, бирок 3 500 сомдон кем эмес.

Кыймылсыз мүлктү, авто жана башка кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу үчүн комиссия 2%га чейин, бирок 5 000 сомдон кем эмес.

«Эсептешүү эсептерин жана депозиттерин биздин банкта кармагандар банктык кепилдикти бир-эки саатта алышат, ошондой эле тендерлерге ыкчам катышып, келишимдерин же аванстарын камсыздай алышат», — дейт «Бакай Банктын корпоративдик кредиттөө башкармалыгынын жетекчиси Роза Асанбекова.

Акциянын мөөнөтү — 2020-жылдын 15-февралынан 2020-жылдын 15-майына чейин.

Төмөндөтүлгөн комиссия менен кепилдиктерди ким ала алат?

Банктын кардарлары жана башка жарандар. Ишкерлер, жеке жана юридикалык жактар.

Банктык кепилдик эмнеге керек?

Банктык кепилдик – кепилдиктин шарттарына ылайык төлөм жүргүзүү талап кылынган учурда кепилдик боюнча төлөмдү алуучуга белгилүү сумманы жиберүү үчүн банкка берилген кат түрүндөгү милдеттенме. Мааниси боюнча, түздөн-түз контрагенттин пайдасына же контрагенттин банкынын пайдасына берилген кардардын милдеттенмеси боюнча банктын берген кепилдиги.

Эреже катары, банктык кепилдикке муктаждык, контрагенттерге бири-биринин төлөй алуу мүмкүнчүлүгү тийиштүү деңгээлде белгилүү болбогон учурда жаралып, алар бүтүм боюнча өз тобокелчиликтерин чектөөнү каалашат. Кепилдик, кардар келишимдин шарттарын макулдашылган мөөнөттө аткара албаган учурда, же болбосо келишимдин шарттары кардар тарабынан тийиштүү деңгээлде аткарылбаган учурда банк өзүнүн эсебинен төлөм жүргүзүү милдеттенмесин алып, банк тарабынан тийиштүү камсыздоо шарты менен берилет.

Банктык кепилдиктердин түрлөрү: тендердик (сынак) арызды камсыздоодо банктык кепилдик, келишимди\контрактты аткарууну камсыздоодо банктык кепилдик, аванстык төлөмдү камсыздоодо банктык кепилдик ж. б.

Байланыш үчүн:

6111 (мобилдик телефондон)

+996 554 00 61 11 Whats App

+996 312 61 00 61

«Бакай Банк» 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес жана жеке адамдар үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүп келет. 2020-жылдын башында «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү жана филиалдык түйүндөрүнүн тармакташуусу боюнча өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп калды. Банктын 180 бөлүмү бардык аймактарда ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыздашууда. Лицензия КРУБ №43.

Пикир

Оставить комментарий