• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Акылбек Талантбеков Таиланддагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Акылбек Талантбеков Таиланддагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль алды.

Өспүрүмдөр арасындагы турнир бүгүн Чонбури шаарында старт алып, ага 16 кыргызстандык спортчу катышууда.

Талантбеков 77 кг чейинки салмак категориясында Өзбекстандык Дильшод Омонгельдиевди 5:4 эсебинде, ал эми кытайлык Келан Бахетжангды 6:0 эсеби менен жеңген. Ал эми Ирандан келген Мохаммед Азиз Нагуси аттуу спортчуга жеңилип, күмүш медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий