• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: БШЗ жана “Кыргызиндустрия” объекттерин модернизациялоону тез арада бүтүрүү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек штамптоочу заводуна (БШЗ), ошондой эле “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун объектилерине барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы заводду модернизациялоонун негизги максаты ири технопарк түзүү экенин эске салды.

“Өндүрүштүк ишканалардын ишке кириши республиканын өнөр жайын өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берет. Аны менен катар жумуш орундары түзүлөт жана салык төлөмдөрү бар. БШЗ жана “Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын бардык объектилерин модернизациялоону аяктоо зарыл. Иш башталып, Иштер башталган, анын натыйжасы көрүнө баштады, эң негизгиси жайлоону басаңдатпоо керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда италиялык жабдууларды колдонуу менен үй куруучу панелдерди чыгарууга адистешкен “Кыргызбетонкурулуш” ЖЧКсы, сыдырмаларды “Кыргызтопчу” ЖЧКсы, мык чыгаруучу “Кыргызтемирмык” ЖЧКсы, электрондук буюмдарды чыгаруучу жана жыйноочу “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы ишке кирди.

Өндүрүлгөн продукциялар акырындык менен ички рынокко чыгып, аларды жеткирүүгө буйрутмалар активдүү кабыл алынып жатканы айтылды.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы “Кыргызиндустрия” ААКнын карамагына кайтарымсыз берилген, оңдоо иштери жүргүзүлө элек БШЗнын бир катар имараттарына барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул кампаларды оор жүк ташуучу унааларды чыгарган компанияга ижарага берүү пландалып жатканы айтылды.

Акылбек Жапаров “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимовдун маалыматын угуп, аны ар тараптан иликтөөнү, ошондой эле БШЗ “Кыргызиндустрия” ААК менен биргеликте ишке ашырып жаткан бардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий