• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылындагы «Шейит» көрүстөнүндө Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, куран түшүрүлүп, эстелик монументине гүлчамбар коюлду.

Акылбек Жапаров каармандык менен курман болгондордун ысымы тарыхта жазылып, мекендештерибиздин жүрөгүндө сакталат деп билдирди.

«Бүгүн мында болуп өткөн окуяларга туура 20 жыл болду. Дал ушул күнү жаш балдар менен улуу муундагы адамдар милиция менен кагылышкан. Андан бери 20 жыл өтсө да, жүрөктөгү жара айыккан жок. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн Азимбек Бекназаров камакка алынган. Ал асманда учкан шумкар болуп, өз үлгүсү менен жердештерин шыктандырган. Биз демократиялык баалуулуктарды ар дайым колдоп келгенбиз жана колдой беребиз. Мен Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча окуялар болгон жерге баатырларыбыздын элесин эскерүү үчүн келдим. Алардын ысымдары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Хадисте: "Бир эшик жабылса, Жараткан сага миң эшикти ачат" деп айтылат. Келиңиздер ынтымакты жогору тутуп, бири-бирибизди колдойлу», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Соңунда министрлер кабинетинин башчысы бак отургузуу иш-чарасына катышты.

Пикир

Оставить комментарий