• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык “China North Industries Group Corporation Limited” (Norinco) компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында кызматташуунун багыттарын, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, геология жана геологиялык чалгындоо маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки тараптуу мамилелерди активдүү бекемдөөгө өбөлгө боло турган ар тараптуу кеңири чөйрөдө мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Norinco өкүлдөрү Акылбек Жапаровго компания көрсөткөн кызматтардын географиясы тууралуу айтып беришти, аны менен катар сунушталып жаткан кызматташуу үчүн эң пайдалуу багыттарды белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий