• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Мугалимдердин эмгек акысын төлөө системасы толугу менен кайра каралат

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орок айылындагы орто мектепте окуучулардын саны 1000ден ашуун болгондуктан, окуу беш сменада жүргүзүлүп келгендигин билдирди.

«Мектептин жаңы имараты эки кабаттан туруп, 500 окуучуга ылайыкталган, эми балдар эки сменде окутулат. Бул ийримдердин жана кошумча сабактардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет», - дейт билим берүү жана илим министри.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы бул мектептин пайдаланууга берилиши менен жакын жайгашкан башка билим берүү мекемелеринин жүктөмү кескин түрдө кыскарганын белгиледи.

«Билим берүү тутуму олуттуу реформаларга муктаж, реформалар ушул мектептен башталсын. Мен окуучуларга кайрылгым келет - тилдерди, табигый илимдерди, IT технологияларды үйрөнгүлө, жаңы нерселерди билүүгө умтулуп, изденгиле, көбүрөөк китеп окугула. Азыр адамдын келечегин билим аныктай турган учур. Өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда», - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин курулган мектеп имаратын көрүп чыгып, 1-класстын окуучулары үчүн ачык сабакка катышты.

«Биринчи мугалимдеримдин аттары азыркыга чейин эсимде жана аларга мектептеги жаркын элестер үчүн терең ыраазымын», - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Соңунда окуу жайдын мугалимдер жамааты менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыктары жогорулатыла тургандыгын билдирди.

«Билим берүү мекемелериндеги мугалимдеринин эмгек акысын төлөө системасы толугу менен кайра каралат. Мугалимдердин айлык акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик системаны да киргизели деп жатабыз. Учурда так эсептөөлөр жүрүп жатат. Көптөгөн мугалимдер убактысынын көбүн окутууга эмес, отчет жазууга жумшаганына нааразы болуп келген. Мындайга жол берилбеши тийиш. Мектеп — таланттуу мугалим менен таланттуу окуучу жолуккан жер десек болот. Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчилигинин алдында жакын арада ишке ашырылышы керек болгон чоң милдеттер турат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана жалпы катышуучуларга окуудагы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий