Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы алтын кен ишканасынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Тилсиз жоо саат 12:30да чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий