• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алдыдагы эс алуу күндөрү. “Унаа” мекемеси кандай график менен иштерин билдирди

Коом 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. Эртең, 21-апрелде Орозо айт майрамына карата “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү жана секторлору иштебейт.

Мекемеден билдиришкендей, ал эми 22-23-апрелде унааларды каттоо боюнча төмөнкү бөлүмдөр иштейт:

  • Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан, Бишкек шаардык бөлүм;
  • Бишкек шаары Б. Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан, Батыш бөлүмү;
  • “РИОМ-Авто” автобазарында жайгашкан Регион аралык бөлүм;
  • Ош шаары Навои көчөсүндө жайгашкан Ош региондук бөлүм;
  • Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 дарегинде жайгашкан, Ош-2 сектору,
  • Жалал-Абад шаары Шопоков көчөсү, 32 дарегинде жайгашкан, Жалал-Абад региондук бөлүм.

Жогорудагы көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн бардыгы саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт, саат 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу болот.

Мекемеден белгилешкендей, 21-апрелге белгиленген айдоочулук курамды сынактан өткөрүү убактысы 24-апрелге ошол эле сааттарга жылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий