• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Анталияда кыргызстандык 3 жигит дүкөндөн күрмө уурдоого аракет жасаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Анталиянын Манавгат шаарчасында дүкөндөн уурдалган күрмөнү сумкасына салып алып чыгып кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу haberler.com сайты жазып чыкты.

Полиция кызматкерлери КРнын жарандары А.К., Е.К. жана Д.Д. баасы 109,90 лира болгон күрмөнү дүкөндөн алып чыгып кетүүгө аракет кылышканын аныктаган. Алар күрмөдөн коргоочу чипти кесип салышкан. Дүкөндүн кароолчусу уурулукту байкап калып, полиция кызматкерлерин чакырган.

Үчөөнөн сурак алынып, уурдоо идеясы А.К. аттуу жаранга тиешелүү болгону аныкталган. Е.К. жана Д.Д. сурактан кийин коё берилген. Иш сот органдарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий