• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Салык кызматкеринин кызмат абалынан пайдаланган фактысы аныкталды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери, менен М.Х. ЖЧКсынын өкүлдөрү менен келишим түзүп, салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин картасын мурда чегерилген салыктар боюнча 134 млн сомго тактоо жолу менен таанылган салык милдеттенмелерин мыйзамсыз эсептен чыгарган.

Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери Т.Н., М.Х. ЖЧКсынын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө келип алып, ошондой эле башка кызматкердин офистик компьютерин, логин жана паролдорун колдонуу менен, компаниянын карызын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасынан негизсиз жок кылган.

Азыркы учурда аталган Т.Н. башка ушул сыяктуу фактылар боюнча аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат, ошондой эле М.Х. компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий