• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте самбонун эки түрү боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бишкекте самбонун эки түрү боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 24-27-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп, спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча спортчулар төмөнкү салмак категорияларында катышат.

Кыз-келиндер арасында: 50, 54, 59, 65, 72, 79, 80, +80 кг;
Эркектер арасында: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг;
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, +98 кг.

Пикир

Оставить комментарий