• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Антидемпингдик пошлина эмне экенин билбейт". Акылбек Жапаров министрдин орун басарын сындады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин жарым жылда аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.

“Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коеюн”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.



Ал кошумчалагандай, экспорттун динамикасы өсүп, экономикалык өсүштүн темпи жогорулоодо, андыктан дайыма “заман агымы менен бирге” туруу зарыл.

“Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин 8 орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам! Ошондой эле практикалык экономикага, Абу-Дабидеги, Бендер-Аббастагы соода портторундагы жерлерибизге көңүл бурушубуз керек, алардын ишмердүүлүгү менен ким алектенип жатат. Контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, талыкпай иштешибиз керек”, – деп жыйынтыктаган Акылбек Жапаров, бейшемби күнү министрлер кабинетинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жыйын өткөрүлөрүн, анда ар бир министрдин орун басарына жеке баа берилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий