• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ар бир бешинчи кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт – изилдөө

Ден соолук 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Ар бир бешинчи кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берүү менен КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын улуу муундагы калкынын жарымы - 56,2% ашыкча салмактан же семирүүдөн жабыркап келет жана бул көрсөткүч эркектерге караганда аялдарда жогору.

Калктын төрттөн бир бөлүгү (23,1%) семиздиктен жабыркаса, мында эркектерге караганда аялдардын үлүшү жогору.

Изилдөө ошондой эле өлкөнүн бойго жеткен калкынын (25-64 жаш) бештен экиси (43%) артериалдык гипертониядан жапа чегерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий