• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук госпиталдын алдында "Эл аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын базасында уюштурулган кезектеги “Эл аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте аптекадагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий