• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Оштогу балдар клиникасына 1 млн 990 миң сомго жаңы жабдуулар алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 1 млн 990 миң сомго жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оорукананын пульмонология жана лор бөлүмдөрүнө 1 млн 400 миң сомго жаңы керебеттер, ошондой эле урологиялык ооруларды текшерүү жана дарылоо процедураларын жүргүзүү үчүн 590 миң сомго эндовидеоцистоуретроскоп аппараты сатып алынды.

“Цистит, уретрит, заара чыгаруу кыйындыгы, табарсыкта таш пайда болуусу, энурез, пиурия, гематурия, жана заара чыгаруу системасынын аномалиясынын өнүгүшү жана башка оорулардын алдын алуу жана дарыланышына жакшы шарттар түзүлдү”,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, эндоскопиялык аппараттардын санитардык нормага жооп берүүсү үчүн атайын стерилдөө кабинети капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий