• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди

Коом 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. "Бишкексууканал" башкармалыгы Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан.

Жалпы саны 258 миң 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген.

Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин "Бишкексууканал" абоненттерге муздак суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча квитанцияларды жеткирип турат.

Квитанцияда абоненттин төмөнкү маалыматы чагылдырылат:
- муздак сууну керектөө нормасы;
- дебитордук карыз;
- жашоочулардын саны;
- муздак сууга тариф;
- саркынды суу үчүн тариф.

Пикир

Оставить комментарий