• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АРИСтин Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун кеңсеси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун кеңсеси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңсенин ачылуу аземине Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басарлары, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, АРИСтин өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери катышты.

АРИСтин Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун максаты Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасындагы туризм жана айыл чарба тармагына багытталган иш-чаралар аркылуу экономикалык жана региондук өнүктүрүүнү күчөтүү жана Ош облусунун, Ош шаарынын институтционалдык потенциалын көтөрүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Аталган 60 миллион долларлык долбоор пилоттук негизде Ош облусунун бардык айылдарында, айыл аймактарында, чакан шаарларында, райондорунда жана Ош шаарында 2021-2026-жылдары ишке ашырылат

Пикир

Оставить комментарий