• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абаддын Таш-Булак участкасында 6 миң түп жаңгак көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 07.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата токой чарбасынын Гумкана токойчулугунун Таш-Булак участкасында 15 га аянтка 6 миң түп жаңгак көчөттөрү отургузулду.

Токой кызматынан билдиришкендей, көчөт отургузуу иштери күн мурун, 6-апрелде “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашты.

Иш-чара “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму, Токой кызматы, Маданият министрлиги, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте, ЕККУнун Программалык кеңсесинин, Кыргызстандагы GIZ, Кызыл Ай коомунун колдоосу менен уюштурулду.

Белгилей кетсек, Арстанбап-Ата токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Мамлекеттик токой фондусундагы жалпы аянты – 19001,5 га, токойлуу аянты 9672,2 га түзөт, анын ичинен 3726,6 га жаңгак токойлор.

2023-жылы токой чарба жалпы 40 га аянт жерге экме токойлор отургузулган, анын ичинен 37 га жер аянтка 12 миң 300 даана жаңгак, 3 га жер аянтка 1 миң даана алма, алча көчөттөрү отургузулган. Ал эми көчөтканаларда 1,1 млн даана ар түрдүү көчөттөр өстүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий