• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Астана Банктын кардарлары акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. 6-сентябрда Астана Банктын ондогон кардары бир нече күндөн бери өз эсептериндеги акчаларын ала албай жаткандыктарына нааразылык билдирип, банктын борбордогу бөлүмдөрүнүн бирине чогулушту.

Алардын айтымдарында, банк каражат берүүнү 31-августка чейин убактылуу токтоткон, бирок кардарлар дале болсо өз акчаларына жете албай жатышат. Банкта каражаттарын теңге менен сактаган кардарлар доллардын кымбатташынан улам алардын акчасы кунун жоготуп коюшу мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Чогулгандардын алдына чыккан банк кызматкери учурда бөлүмдүн директору жок экенин айтып кирип кетти. Астана Банктын кардарлары быйыл июндун башында дагы өз эсептериндеги акчаларын алууда кыйынчылыктарга кабылышкан.

Быйыл 18-апрелде өлкө президенти Нурсултан Назарбаев Астана Банкы «өтө начар көрсөткүчтөргө» ээ экенин айткан. Мамлекет башчы Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө арналган жыйында сүйлөп жатып, ЭксимБанктын, Астана Банктын жана Казак Банктын акционерлери мекемелерди «начар башкарып, кардарларынын акчаларын кайтарып бере албай жаткандыктарын» билдирген. Назарабев ошондой эле өлкөнүн банк системасын жакшыртуу боюнча Улуттук банктын программасы жабыла турганын кошумчалаган.

Пикир

Оставить комментарий