• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башы: Чой-Жап кыштоосуна барчу жол тазаланып, малчыларга тоют жеткирилди

Аймак 0


Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган облустук жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү Ак-Сай өрөөнүнө болгон иш сапарында Ат-Башы районундагы Чой-Жап кыштоосуна барчу жол тазаланып, малчыларга тоют жеткирилди.

Өкүлчүлүктун басма сөз кызматы билдиргендей, бул жердеги негизги көйгөй жолдун ачылбай жаткандыгы болгон. Ошол себептен атайын техникалар алып келинип, 6 сарайга барчу жол тазаланып, каттам ачылды.

Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен 3 унаа менен 300 боо чөп жеткирилди.

Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров билдиргендей, Чой-Жап кыштоосунда Нарын районунун Учкун айылынын 15 чабаны кыштаган. 17-мартта 360 боо чөп жана азык-түлүк жеткирилген. 7 чабан көчүп кетип, учурда 8 чабан бар.

Мындан сырткары, Ак-Сайдагы Көк-Кыя кыштоосунда Чет-Нура, Жерге-Тал айылдарынын 2 чабаны, Суу-Өтөк, Кара-Бел кыштоолорунда Эмгекчил айылдарынын 4 чабаны бар.

Пикир

Оставить комментарий