• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Атамбаев Алтайда “Алтай цивилизациясы” тарыхый-маданий борборун ачууну сунуштады

Президент 0

Бишкек, 20-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия жана алтай тектүү өлкөлөрдүн бийликтерине Алтайда “Алтай цивилизациясы” тарыхый- маданий борборун куруу сунушу менен кайрылды. “Борбор келечекте биздин элдердин руханий борборуна, Меке жана Иерусалимге айлана алат”, - деди Атамбаев Алтай форумунда.

Мамлекет башчысы кыргыздар кыска мөөнөттө бул борбордун долбоорун даярдоохго жана анын павильондорунун бирин – энесай кыргыздары менен Кыргыз каганатынын тарыхый музейин курууга даярдыгын белгиледи.

“Мен Россиянын президенти жана жетекчилиги бизди колдойт деп ишенем. Себеби Россиянын бардык элдерине, анын ичинде РФнын түрк тилдүү элдерине – татар, башкыр, якут, чуваш, алтай, хакас, шорц жана башкаларга кам көрүү – алардын тилинин, маданиятынын, тарыхынын жана салттарынын сакталышына кам көрүү ар кандай радикалдуу идеяларга альтернатива боло алат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий