• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Атамбаев Жээнбековго президенттин иш бөлмөсүн көрсөттү

Президент 0


Бишкек, 24.11.17. /Кабар/. Кызматына киришкен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев иш бөлмөсүн көрүп чыгышты.

Бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынын “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болуп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Жээнбеков ант берди. Андан соң, БШК Төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага өлкө башчынын күбөлүгүн, төш белгисин тапшырды.

Андан сырткары, Алмазбек Атамбаев президенттин штандарты – Кыргызстандын желегин өткөрүп берди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 450 адам чакырылган, алардын арасында ЖК депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, чет элдик элчилер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий