• 88.68
  • 95
  • 0.95

Атамбаевге каршы доо арыз: Ложников Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшебаевге эфирдик убакыт берет

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-депутат Ахматбек Келдибеков, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана "Апрель" телеканалынын башчысы Дмитрий Ложниковго карата доо арызын кароо улантылды.

Анда "Апрель" каналынын жетекчиси, доо койгондорго 55 мүнөт эфирдик убакыт берүүгө убада берди.

Ошондой эле, ал, "Апрель" каналынын эфирине чыккан ар бир берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартарын жана экс-президенттин маегиндеги ар бир сөзгө жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.

"Алмазбек Атамбаевдин маегин өзүм көрүп чыктым. Анын айткан сөздөрү суроолуу түрдө жаңырган. Аны түз айыптоо деп так кесе айта алабызбы? Арийне жок. Себеби, Атамбаев ал сөздөрдү түз айткан эмес. Мындан мурда психолингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү сурангам. Бирок, ал жасалган жок", - деди ал.

Андан кийин, ал, доочуларга алар талап кылган 55 мүнөт эфирди соттун чечиминен кийин берүүгө даяр экенин айтты.

"Ошол 55 мүнөттүн баары Атамбаев тууралуу болбойт. Бирок, аларга бул маселе боюнча өз ойлорун айтууга мүмкүндүк берилет", - деди Ложников.

Эскерте кетсек, экс-президент "Апрель" телеканалына маек бергенден кийин Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшебаев Алмазбек Атамбаев жана Дмитрий Ложниковго карата сотко 18 млн. сомго доо арыз беришкен. Алар маек учурунда аларга карата айтылган сөздөр төгүн экенин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий