• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азиз Аалиев Татарстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев “Кыргызстан Татарстан” ишкердик форумунун алкагында Татарстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Анын айтымында, форум Кыргызстан менен Татарстандын дипломатиялык мамилелерин бекемдөөгө багытталган өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан өнүктүрүүнү шарттайт.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкерлер үчун жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлүүдө. Ушуга байланыштуу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар көбөйөт деген ишенимдемин”, - деди ал.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин орун басары эки тараптуу кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу багыттарды белгиледи:

- Гидроэнергетика;

- Соода;

- Унаа куруу;

- Маданий-руханий долбоорлор.

Белгилей кетсек, Бишкекте КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана Татарстандын президенти Рустан Миннихановдун катышуусунда “Кыргызстан – Татарстан” ишкердик форуму өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий