• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн өлкөнүн айрым тоолуу райондорундо кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 3-февралда күндүз Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий