• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн товарларды маркалоонун улуттук системасынын операторун тандоого табыштаманы кабыл алуу аяктайт

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 2020-жылдын 15-июнунда саат 18.00дө Кыргыз Республикасында маркаланган товарларды маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоого табыштаманы кабыл алуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конкурс КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 токтомуна ылайык өткөрүлүүдө.

Тандоого катышуу үчүн табыштамалар Бишкек ш., Чүй пр., 219 дарегине Салык кызматына келип берүү менен кабыл алынат. Табыштаманы ачуу 16-июнда саат 14:00дө Мамлекеттик салык кызматынын имаратында жүргүзүлөт.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0(312) 61-17-94. Кеңири маалыматты Салык кызматынын сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий