• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-мартта оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 12:00дөн 17:00гө чейин шаардын Балтагулов, Шерматов, Орозбаев, Алиева, Артыкбаев, Достук, Исанов, Умурзаков, Пахта, Островский, Железнодорожный, Транспортный, Кузнечный, Б.Сейил, Низами, Нагорный, Бадалов, Абдрахманов №16, 18 Ленин, № 176, 178, 180, 182, Сузак, Айтбаев, Авиационный, Байзаков, Курманбек №15, 17 көчөлөрүндө электр энергиясы убактылуу жок болот.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий