• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Баткенде көчмө лаборатория ишке кирип, 1 миңден ашык анализ алынды

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда көчмө лаборатория ишке кирип, анда 1 миңден ашык анализ алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы тарагандан баштап Баткендеги бардык анализдер Ош шаарына жиберилип турган.

"Баткенде 18-майдан тарта көчмө лаборатория иштей баштаган. Анда күнүнө 100дөн 150гө чейин анализ текшерилүүдө. Бүгүнкү күндө 1 миңден ашык анализ алынды", - деди Саттарова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1722 учур катталды. Алардын ичинен 344ү медицина кызматкери. Илдеттен 1113 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду

Пикир

Оставить комментарий