• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бабажанов: Эмдөө – коронавирустан коргонууда натыйжалуу жана пайдалуу каражат болуп саналат

COVID - 19 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Эмдөө – коронавирустан коргонууда натыйжалуу жана пайдалуу каражат болуп саналат. Бул тууралуу брифинг учурунда жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухаммед Бабажанов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда эмдөө атайын бекитилген Улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт. "Эмдөөлөрдүн улуттук календарында вакциналарды киргизүү жана колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн вакцинанын коопсуздугун жана натыйжалуугун аныктоо зарыл. Бул боюнча иш алып барган эксперттердин илимий-техникалык тобу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы вакциналар жана иммунизация боюнча консультациялык топ болуп саналат”, - деп билдирди жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухаммед Бабажанов.

Дарыгер вакцинанын коопсуздугуна жана натыйжалуугуна кепилдик алуу үчүн Кыргызстан 17 жылдан бери ЮНИСЕФ аркылуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) каттоосунан өткөн улуттук календардагы вакциналарды алып келип жатканын белгилеп, биздин өлкөдө Улуттук көзөмөлдөө органы болуп Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти саналарын кошумчалады.

“Эмдөө - жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу жана экономикалык жактан пайдалуу коргонуу каражаты болуп саналат”, - деди Бабажанов.

Пикир

Оставить комментарий